KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ак-Суу райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү

26 сентября 2025

26-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Ак-Суу райондук сотунда мамлекеттик тилди колдоо жана өнүктүрүү максатында атайын иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу алкагында уюштурулду.


Жолугушууга Ак-Суу райондук сотунун төрагасы жана судьялары, аппарат кызматкерлери, ошондой эле М.Мамакеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жамааты жана окуучулары катышты. Алардын арасында мектеп директору Айзада Ишенбекова, кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыгүл Мамытова, тарбия иштери боюнча орун басары Эсен Жапаров, башталгыч жана жогорку класстын окуучулары болду.


Иш-чаранын башталышында кеңешмени ачып жатып, Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Бакытбек Нурбаев сөз сүйлөп, мамлекеттик тилдин орду жана мааниси тууралуу токтолду. Өз кайрылуусунда ал: “Тил — улуттун каны, аны сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз!” — деп баса белгилеп өттү.


Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыгүл Мамытова “Кыргызстандын келечеги — мамлекеттик тилинде” аттуу мазмундуу баяндама жасады. Ал эми жогорку класстын окуучулары арасында “Кыргыз тилим – көөнөрбөс дилим” темасында дил баян жазуу боюнча конкурс өткөрүлдү.


Аны менен биргеликте башталгыч класстын окуучулары көркөм ырларды айтып, катышуучуларга жаркын маанай тартуулашты. 1-класстын окуучулары улуттук кийимчен чыгып, “Кыргыз тили — кылымдарды карыткан” аттуу чыгарманы көркөм окуу менен патриоттук дем тартуулашты.


Иш-чаранын модератору судья  Дүр Аскарбеков “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, ал эми судья Кубатбек Дубанаев тилдин коомдогу орду жана мааниси тууралуу катышуучулардын назарын бурду.


Салтанаттын соңунда “Тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы” үчүн мектеп мугалимдерине, дил баян жазып конкурска жана көркөм окууга активдүү катышкан окуучуларга Ак-Суу райондук сотунун атынан ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар жана белектер тапшырылды.


Бул иш-чаранын негизги максаты — кыргыз тилин күнүмдүк жашоодо активдүү колдонууга түрткү берүү, тил маданиятын даңазалоо жана коомчулукта улуттук биримдикти чыңдоо болуп саналат.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы  А.А.Абдымаликова