KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ак-Суу райондук сотунда корупцияны алдын алуу боюнча иш-чара өттү.

25 марта 2026

Ак-Суу райондук соту тарабынан “Коррупцияга каршы күрөшүү” темасында кеңейтилген жыйналыш өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2025–2027-жылдарга карата иш-чаралар планын аткаруу максатында уюштурулду.


Жыйналышка соттун төрагасы Бакытбек Нурбаев, судьялар Кубатбек Дубанаев жана Дүр Аскарбеков, ошондой эле прокурордун орун басары Алмаз Борончиев жана         Ак-Суу РИИБнин кадр иштери боюнча орун басары Эрик Токоев катышты.


Жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөштүн актуалдуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик органдарда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, кызматтык этиканы сактоо, жарандардын укуктарын коргоо жана коомчулуктун ишенимин жогорулатуу боюнча чаралар кеңири талкууланды.


Соттун төрагасы Бакытбек Нурбаев өз сөзүндө сот системасында коррупциянын алдын алуу артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, бул багытта аппарат кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында ай сайын жыйналыштарды өткөрүү, кызматкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалары берилип келерин баса белгиледи.


Прокурордун орун басары Алмаз Борончиев райондогу мамлекеттик администрация, мекемелер жана ишканалар менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, коррупцияга каршы күрөшүүдө ведомстволор аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, белгиленген иш-чаралар планынын алкагында туруктуу жыйындар өткөрүлүп, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу багытында биргелешкен аракеттер көрүлүүдө.


Өз кезегинде Ак-Суу РИИБнин өкүлү Эрик Токоев ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, өздүк курам менен ар жума сайын коррупцияга каршы багыттагы оперативдик кеңешмелер өткөрүлүп турарын билдирди. Ал ошондой эле ар бир кызматкер менен жеке иш алып барылып, кызматтык тартипти сактоо, мыйзам талаптарын так аткаруу жана жарандар менен иштешүүдө адеп-ахлак нормаларын кармануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.


Жыйындын катышуучулары коррупцияга каршы күрөштү натыйжалуу жүргүзүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын координацияланган аракеттери зарыл экенин белгилешип, бул багытта ишти мындан ары да күчөтүү боюнча бир катар сунуштарды киргизишти.


Жыйынтыгында, коррупциянын алдын алуу, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди улантуу чечими кабыл алынды.