KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ак-Суу районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен маанилүү жолугушуу өткөрүлдү

12 мая 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 12-май күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун жетекчилиги алдында  жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү.


 


Ак-Суу районунун Хан-Теңири жана Каракол айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу уюштурулуп, анда жарандарды түйшөлткөн маселелер, аймактарды өнүктүрүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу боюнча пикир алышуу болду.


 


Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, Ысык-Көл облусунун прокурору Эмирбек Каримов, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Канатбек Калдаралиев, Ысык-Көл ОИИБнин жетекчиси Мурат Боронов жана Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Бакытбек Нурбаев катышты.


 


Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын кайрылуулары угулуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле эл менен ачык диалог жүргүзүүнүн мааниси белгиленип, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү өз убагында чечүү боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү зарылдыгы айтылды.