2026-жылдын 27-мартында Ысык-Көл облусунун Административдик сотунда ишембилик уюштурулуп, ал Сот адилеттик үйүнүн аймагында өткөрүлдү. Иш-чара соттун төрайымы Зарина Абдыкадырованын жетекчилиги алдында өттү.
Ишембиликке соттун төрайымы Зарина Абдыкадырова, судья Асылбек Мамадалыев жана сот аппаратынын кызматкерлери катышып, аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүштү.
Иш-чаранын алкагында жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулуп, ар кандай дарак көчөттөрү — балаты, туя, сосна, пихта жана ак кайың отургузулду. Бул демилге аймактын экологиялык абалын жакшыртууга жана жашыл аймактарды кеңейтүүгө багытталган.
Мындай иш-чаралар кызматкерлердин жаратылышка болгон аяр мамилесин калыптандырууга жана экологиялык маданиятты жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ысык-Көл облусунун Административдик соту мындан ары да айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук пайдалуу иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү улантат.




