KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун Административдик сотунда жана Балыкчы шаардык сотунда коррупцияга каршы иш-чара өткөрүлдү

22 июня 2026

2026-жылдын 22-июнунда Ысык-Көл облусунун Административдик сотунда жана Балыкчы шаардык сотунда коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү багытындагы түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.


Иш-чарага аталган соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышышты. Анын жүрүшүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары, мамлекеттик кызматчылардын этикасынын нормалары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо, ошондой эле кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик менен аткаруу маселелери боюнча кеңири маалымат берилди.


Мындан тышкары, жарандар менен иш алып барууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана сот бийлигине болгон коомчулуктун ишенимин бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Ошондой эле сот тутумунда ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылууга багытталган чаралар талкууланды.


Мындай иш-чаралар сот тутумунда мыйзамдуулукту чыңдоого, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга жана коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга өбөлгө түзүп, сот адилеттигине болгон коомдук ишенимди бекемдөөгө багытталган.