KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында иш-чара өттү

27 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында Каракол шаардык балдар жана жаштар китепканасында Ысык-Көл облусунун административдик сотунун өкүлдөрүнүн катышуусунда мазмундуу жолугушуу өткөрүлдү.


Иш-чарага Ысык-Көл облусунун административдик сотунун төрайымы Зарина Абдыкадырова, судья Асылбек Мамадылаев жана сот аппаратынын кызматкерлери катышты.


Жолугушуунун негизги максаты – улуттук баалуулуктарды, каада-салтты, эне тилди жана руханий мурастарды сактоонун маанисин кеңири талкуулоо, ошондой эле улуттук аң-сезимди бекемдөө менен бирге билимге, адилеттүүлүккө жана жоопкерчиликке умтулуу аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу болду.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга улуттук демди сактоо, мамлекеттин өнүгүүсүндө ар бир жарандын жоопкерчилиги, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекем сактоо тууралуу кеңири баяндалды. Ошондой эле улуттук баалуулуктар менен заманбап өнүгүүнү айкалыштыруу бүгүнкү күндүн башкы талаптарынын бири экени белгиленди.


Зарина Абдыкадырова өз сөзүндө мындай деди:


«Улуттук дем – бул биздин тарыхыбызга, эне тилибизге, каада-салтыбызга жана мамлекетибизге болгон терең урмат. Биз ар бирибиз өз милдетибизди ак ниет аткарып, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекем сактоо менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо алабыз. Тамыры терең, руху бекем эл гана дүйнөлүк бийиктиктерди багындырат.»


Өз кезегинде Каракол шаардык балдар жана жаштар китепканасынын кызматкери Бегимай Жекшенова китепкананын жаштарды тарбиялоодогу орду тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:


«Китепкана – бул билимдин жана руханий дүйнөнүн эшиги. Мындай жолугушуулар жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандырууга, тарыхты, маданиятты жана мамлекеттик баалуулуктарды урматтоого чоң өбөлгө түзөт. Биз мындан ары да окурмандар үчүн тарбиялык мааниси жогору болгон иш-чараларды уюштурууну улантабыз.»


Иш-чара суроо-жооп жана пикир алмашуу форматында өтүп, катышуучулар улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, жаш муундарды мекенчилдикке, билимге жана жоопкерчиликке тарбиялоо боюнча өз пикирлерин билдиришти. Жыйындын соңунда катышуучуларга активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык айтылып, өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө ар бир жарандын салымы маанилүү экени белгиленди.


Жолугушуунун соңунда Административдик соттун атынан «Манас» эпосунун төрт томдук басылмасы китепканага белек катары тапшырылып, бул белек улуттук руханий мурастарды даңазалоого жана жаш муундардын мекенчилдик сезимин бекемдөөгө кошулган салым катары белгиленди.