Жогорку сот тарабынан уюштурулган «Манастын руху — улуттук дем жана улуттук нарк» аттуу сынакка катышкан балдарга белектер тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында сынактын катышуучуларына белектерди Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев тапшырып, балдарды чыгармачылык ийгиликтери менен куттуктады. Ал өз сөзүндө «Манас» эпосунун руханий баалуулуктарын жаш муундун аң-сезимине сиңирүү улуттук өзгөчөлүктү сактоодо маанилүү экенин белгиледи.
Сынакка Ысык-Көл областтык сотунун тутумундагы шаардык, райондук жана административдик соттордун кызматкерлеринин балдары активдүү катышты.
Сынактын катышуучулары:
Ысык-Көл областтык соту:
- Бактыбеков Табият Нурданович
Каракол шаардык соту:
- Жеңишбекова Нурайым Мирбековна
Ысык-Көл областтык административдик соту:
- Райимбердиева Мариям Асылбековна
Ак-Суу райондук соту:
- Сатындыева Раяна Урматовна
- Бейшенбиева Акак Нуркаловна
- Муканбетова Джанната Урматовна
- Жаныбаев Тилек Турсунбекович
- Бердишова Акниет Калысбековна
- Бердишов Байтемир Калысбекович
- Азаматова Дария Азаматовна
- Азаматова Ханбийке Азаматовна
- Мукашов Алим Темирланович
- Муканбетов Нуртилек Урматович
Тоң райондук соту:
- Азаматова Айтунук Азаматовна
Ысык-Көл райондук соту:
- Нуржалилов Нурэл Кеңешбекович
- Нуржалилов Бийаалы Кеңешбекович
- Джумакадырова Алия Таалайбековна
Түп райондук соту:
- Ракымжанова Айганыш Бакытовна
Сынактын катышуучулары өз сүрөттөрүндө Манас баатырдын образын, улуттук каада-салттарды, мекенчилдикти жана руханий наркты көркөм чагылдырууга аракет кылышты. Бардык катышуучуларга Ысык-Көл областтык соту тарабынан белектер тапшырылып, алардын эмгеги жогору бааланды.
Мындай иш-чаралар жаш муундун чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүп, улуттук маданий мурастарды сактоого жана даңазалоого өбөлгө түзөрү белгиленди.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.Таалайбек кызы




