Түп райондук сотунда соттук актылардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу маселелерине арналган жумушчу жыйын өткөрүлдү. Жыйынга райондук соттун төрагасы, сот аткаруучулар кызматынын өкүлдөрү жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө соттук актылардын аткарылышынын учурдагы абалы, аткаруу өндүрүшүндөгү көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Ошондой эле аткаруу документтерин өз убагында кабыл алуу, тараптар менен өз ара кызматташтыкты күчөтүү жана аткаруу тартибин өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды.
Сот аткаруучулар тарабынан аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилип, айрым иштердин аткарылышына тоскоол болуп жаткан жагдайлар боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү. Катышуучулар соттук актылардын толук жана өз убагында аткарылышы жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү кепилдиги экендигин белгилешти.
Жыйындын жыйынтыгында соттук актылардын аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мекемелер аралык кызматташууну чыңдоо жана аткаруу өндүрүшүндөгү маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.




