KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл райондук сотунун судьясы ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

08 августа 2025

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев облустук соттун судьялары жана райондук, шаардык соттордун төрагалары менен кеңешме өткөрүп, анда ал дайындалган Ысык-Көл райондук сотунун судьясы – Конушбеков Асанкул Абдыкуловичти тааныштырды.


Жыйындын жүрүшүндө төрага мыйзамды так сактоонун, судьялардын этикасынын эрежелерин жана эмгек тартибин бекем сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал сотко кайрылган жарандарга сылык мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи. Нуркалый Асанбаев жыйындын катышуучуларына, ошондой эле дайындалган судьяга жооптуу ишмердигинде ийгиликтерди каалады.


Судьялар Асанкул Конушбековду кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык Конушбеков Асанкул Абдыкулович 5 жылдык мөөнөткө Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болуп дайындалып, ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы Айпери Абдымаликова