KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы студенттерге лекция окуду

12 декабря 2024

        Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Зарина Абдыкадырова Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин 1-4-курсунун студенттерине «Сот тутумунда жана талаш-тартыштарды чечүүнүн башка институттарында эки жыныстын тең өкүлчүлүгүнүн мааниси»деген темада лекция окуду.


       Судья «Бирдей өкүлчүлүктүн мааниси» жөнүндө кеңири маалымат берди, ошондой эле «Бирдей өкүлчүлүктүн маанилүүлүгүн» кеңири түшүндүрүп  өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү.


           Иш-чаранын алкагында лектор жана студенттер аялдар менен эркектердин тең өкүлчүлүгү адилеттүү жана тең салмактуу чечимдерди кабыл алууга кандай таасир этерин, ошондой эле инклюзивдүү жана натыйжалуу укуктук чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.


        Жыйынтыгында судья катышуучуларга окууларына ийгиликтерди каалады.


        Эскерте кетсек, бул лекцияларды «Укук булагы» USAID долбоорунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Адамдардын кызыкчылыктарына багытталган гендердик-сезимтал сот адилеттигин илгерилетүү» долбоорунун алкагында «Аял-судьялардын Кыргыз ассоциациясы» өткөрүүдө.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы  А.А.Абдымаликова