KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл облустук, Түп райондук жана Ысык-Көл райондук соттору аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

01 июня 2026

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл облустук сотунун, Түп райондук сотунун жана Ысык-Көл райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардамын көрсөтүштү.


Иш-чаранын алкагында аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдар тапшырылды. Бул демилге балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталды.


Сот тутумунун өкүлдөрү балдардын бакубат жашоосу, сапаттуу билим алуусу жана ар тараптуу өнүгүүсү коомдун жана мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин белгилешти. Ошондой эле балдарга кам көрүү жана алардын толук кандуу өсүп-өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү ар бир жарандын жана мекеменин маанилүү милдети экендигин белгилешти.


Муктаж үй-бүлөлөр көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, мындай кайрымдуулук иш-чаралары коомдогу боорукерликти, биримдикти жана өз ара колдоону чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.


Балдарды коргоонун эл аралык күнү – балдардын укуктарын коргоого, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана келечек муундун бакубат келечеги үчүн жоопкерчиликти арттырууга багытталган маанилүү күн.