KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

31 июля 2025

2025-жылдын  30-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда,  жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган жана курагынын чегине жеткенге чейинки судьялар ант беришти.


Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыгына ылайык,  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго дайындалышты:


Ысык-Көл облусу


Ысык-Көл райондук соту


Конушбеков Асанкул Абдыкулович.


 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев  дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында шайланган же дайындалган судьялардын ыйгарым укуктары алар тарабынан ант берүү күнүнөн баштап күчүнө кирет.