KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл облусунун судьялары аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

30 мая 2025

 


Жыл сайын 1-июнда дүйнө жүзүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип келет.

Ар жыл сайын Ысык-Көл облусунун судьялары бул майрамга карата кайрымдуулук акцияларына катышып, муктаж үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүп келишет.


Быйыл да бул күнгө карата Ысык-Көл облустук сотунун, Каракол шаардык, Түп, Ак-Суу жана Тоң райондук сотторунун судьялары баатыр энелердин балдарын майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырышып, акчалай жардам көрсөтүштү.


Судьялар кичинекей бөбөктөргө бекем ден соолук, бактылуу балалык жана жарык келечек каалап, таттууларды, оюнчуктарды азык-түлүктөрдү жана материалдык жардамдарды беришти.


Баатыр энелер балдарына көрсөтүлгөн көңүл жана жардам үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, судьялардын ишине ийгилик каалашты.