KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жана жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

16 мая 2026

2026-жылдын 16-май күнү өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликтин алкагында Ысык-Көл облусунун сот тутумунун өкүлдөрү активдүү катышышты. Аталган иш-чарага облустук соттун, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери чыгышып, айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Ишембиликтин жүрүшүндө сот имараттарынын айланасы тазаланып, бак-дарактар иретке келтирилип, таштандылар чыгарылды. Мындан тышкары, жашыл аймактарды көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу боюнча иштер аткарылды.


Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, коомдук тазалыкты сактоого жана жамааттык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.


Сот тутуму коомдук пайдалуу демилгелерди мындан ары да колдоп, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө өз салымын кошо берет.