Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 5-мартындагы “20-2388 “2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча ишембиликтерди уюштуруу” катынын негизинде ишембилик болуп өттү.
Аталган тапшырманын алкагында Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун жана Каракол шаардык сотунун кызматкерлери тарабынан Сот адилеттиги үйүнүн аймагында ишембилик уюштурулуп, айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликке Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрайымы Зарина Абдыкадырова жана сот аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Каракол шаардык сотунун аппарат кызматкерлери активдүү катышышты.
Жаратылышты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында Административдик сот тарабынан жалпы 24 даана роза гүлү (госпель, паскаль, императрица, Алма-Атинская, восточный экспресс, циркусь түрлөрү), 3 түп бульденеж гүлү жана 2 түп пион гүлү отургузулду.
Бул иш-чара аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жана кызматкерлердин жаратылышка болгон жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Ишембиликтер мындан ары да улантылып, аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер системалуу түрдө жүргүзүлөт.




