31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ысык-Көл облусундагы сот тутумунун бир катар кызматкерлери ведомстволук жана ардак сыйлыктар менен сыйланышты.
Сыйлыктар кызматкерлердин кесипкөйлүгү, кызматтык милдеттерин так жана ак ниет аткаруусу, ошондой эле кынтыксыз мамлекеттик кызмат өтөгөндүгү үчүн ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланышты:
- Азамат Абдраимов — Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары,
- Мухабат Сапарбек кызы — облустук соттун бөлүм башчысы,
- Кайрат Кудагелдиев —облустук сотунун судьясынын жардамчысы,
- Нурбүбү Асанова — Административдик соттун улук катчысы,
- Назгүл Турдубекова — Тоң райондук сотунун судьясынын жардамчысы,
- Кайыркүл Шатенова — Жети-Өгүз райондук сотунун улук катчысы.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик администрациясынын “Ардактуу атуу” сыйлыгы менен Тоң райондук сотунун архивариусу Гүлзат Абдылдаева сыйланды.
Ал эми Ысык-Көл облустук сотунун Ардак грамотасы менен Жети-Өгүз райондук сотунун судьясынын жардамчысы Назира Туратбекова сыйланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Көл облусу боюнча баштапкы кесиптик бирлик уюму тарабынан “Ысык-Көл облусунун мыкты сот кызматкери” төш белгиси жана акчалай сыйлык төмөнкү кызматкерлерге тапшырылды:
- Азема Рахманова — облустук соттун судьясынын жардамчысы,
- Азамат Тынчбеков — Каракол шаардык сотунун бөлүм башчысы,
- Кайыргүл Шатенова — Жети-Өгүз райондук сотунун улук катчысы,
- Бегимай Курманбекова — Тоң райондук сотунун улук катчысы,
- Арген Асанов — Ак-Суу райондук сотунун IT-консультанты,
- Гулайым Омуралиева — Ысык-Көл райондук сотунун бөлүм башчысы,
- Махабат Саякова — Административдик соттун бөлүм башчысы,
- Самаган Турускелдиев — Түп райондук сотунун судьясынын жардамчысы.
Кесиптештерибизди алган сыйлыктары менен чын дилибизден куттуктап, албан ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова