2024-жылдын 4-майында Чолпон-Ата шаарында ШКУнун “Run the Silk Road Shanghai Cooperation Organization – Шанхай кызматташтык уюму” эл аралык Ысык-Көл марафону болуп өттү.
Марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүүдө. Ага 22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат.
Марафондун максаты — сергек жашоого үндөө жана калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу. 42 километрге чейинки жарышта старт сызыгына 3000ден ашык адам чыкты.
XXII Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Сатымкула Жуманазарованын жаркын элесине арналган эл аралык марафонду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачты.
Ысык-Көл марафону профессионал жөө күлүктөр арасында эң сонун жыйынтыктарды көрсөткөн Борбордук Азиядагы жалгыз марафон.
Марафонго четте калбай сот кызматкерлери дагы катышып, мыкты жыйынтык көрсөтүштү. Ысык-Көл облусунун административдик сотунун соттук отурумунун катчысы Нурдөөлөт Талантбеков жана Ак-Суу райондук сотунун IT- адиси Арген Асанов катышты.Буга чейин алар көптөгөн эл аралык марафондорго катышып келишкен.
Эл аралык марафонго катышкандыгы үчүн 1300 спортчунун арасынан 10 чакырым аралыкка жарышка түшкөн марафондун катышуучулары, сот кызматкерлери Нурдөөлөт Талантбеков жана Арген Асановдор диплом жана медалдар менен сыйланышты.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Абдымаликова