KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот кызматкерлери эл аралык марафонго катышты

04 мая 2025

 


2024-жылдын 3-майында Чолпон-Ата шаарында ШКУнун “Run the Silk Road Shanghai Cooperation Organization – Шанхай кызматташтык уюму” эл аралык Ысык-Көл марафону болуп өттү.


Марафондун максаты — сергек жашоого үндөө жана калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу. 42 километрге чейинки жарышта старт сызыгына 3000ден ашык адам чыкты.


ШКУнун эл аралык Ысык-Көл марафону уюмдун алкагындагы сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга, мүчө мамлекеттердин элдеринин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого өбөлгө түзүүчү салттуу окуя болуп саналат.


Ысык-Көл марафону профессионал жөө күлүктөр арасында эң сонун жыйынтыктарды көрсөткөн Борбордук Азиядагы жалгыз марафон.


Марафонго четте калбай сот кызматкерлери дагы катышып, мыкты жыйынтык көрсөтүштү. Ысык-Көл облусунун административдик сотунун соттук отурумунун катчысы Нурдөөлөт Талантбеков жана Ак-Суу райондук сотунун IT- адиси Арген Асанов катышты.Буга чейин алар көптөгөн эл аралык марафондорго катышып келишкен.


Эл аралык марафонго катышкандыгы үчүн 1300 спортчунун арасынан 10 чакырым аралыкка жарышка түшкөн марафондун катышуучусу, сот кызматкери Арген Асанов диплом жана медалдар менен сыйланышты.


   


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                             А.А.Абдымаликова