2025-жылдын 5-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы өткөрүлдү.
Мамлекет башчысы сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өз сөзүндө Президент сот бийлигинин санариптик инфраструктурасын модернизациялоо, аны башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен интеграциялоо сыяктуу бир катар актуалдуу маселелерге токтолду. Ошондой эле өлкө башчысы төмөнкү маанилүү багыттарга көңүл бурду:• Жарандардын убактысын жана чыгымдарын азайтуу максатында электрондук документ тапшыруу системасын ишке киргизүү;• Судьяларды тандоо процессин ылдамдатып, объективдүүлүгүн камсыз кылуучу автоматташтырылган маалыматтык иштетүү механизмин түзүү;• Судьялык кызматка талапкерлердин резервин түзүү, бул судьялык кызматка жаңы дайындалгандардын кесиптик даярдыгын жакшыртып, бош кызмат орундарына өз убагында дайындоо жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев өз сөзүндө курултайдын катышуучуларына калыс, көз карандысыз жана объективдүү сот адилеттиги гана жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин бекемдей алаарын баса белгиледи. Бул багытта ал сотторго кайрылган жарандар үчүн натыйжалуу байланыш механизмин камсыз кылуу чоң мааниге ээ экенин айтты. Ошондой эле сот тутумунун мамлекеттеги өзгөчө ордун белгилеп, сот системасынын натыйжалуу иштөөсү укуктук үстөмдүктүн сакталышына, жарандык коомдун калыптанышына жана улуттук экономиканын өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин белгиледи. Ошол эле учурда, мыйзамдуу жана негиздүү чыгарылган соттук чечимдер сөзсүз түрдө аткарылышы керектигин айтты.
Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев дагы маанилүү баяндама жасап, сот бийлигинин көз карандысыздыгын чыңдоонун жана Конституциянын үстөмдүгүн сөзсүз сактоонун маанисине токтолду.
Иш-чарага өлкө боюнча 400дөн ашык судья катышты. Судьялардын курултайы – судьялардын өз алдынча башкаруусунун жогорку органы болуп саналат жана ал үч жылда бир өткөрүлөт. Күн тартибинин алкагында Судьялар кеңешинин отчёту угулуп, анын ишмердүүлүгү боюнча маалыматты Жогорку соттун судьясы, Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Жунушпаев берди. Андан кийин курултайдын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жаңы курамын шайлашты.
Судьялар кеңеши, судьялардын курултайларынын аралыгында иш жүргүзгөн жана сот тутумунун ишин уюштуруу, кадрлык жана русурстук камсыздоого катышкан, судьялардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырган, судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди караган, соттордун бюджетин түзүүдө жана аткарууда контроль жүргүзүүчү, судьяларды окутуу менен квалификацияларын жогорулатууну уюшурууну жүзөгө ашырган, шайланган соттук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар тажрыйбалуу судьялар баяндама жасашты. Жогорку соттун мурдагы төрайымы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Жаңыл Алиева өз сөзүндө судьялар Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш иерин, алардын кол тийбестиги камсыз кылынышы керектигин жана эч ким судьядан белгилүү бир иш боюнча отчёт талап кылууга укугу жок экендигин эске салды.
Ошондой эле Бишкек шаардык сотунун судьясы жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрайымы Эльмира Барыктабасова судьяларды тандоо системасын өркүндөтүү жана аны объективдүү кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири айтып берди.
Ош шаардык сотунун судьясы Бакытбек Сыдыгалиев сот тутумун санариптештирүүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү боюнча баяндама жасады.Курултайда ошондой эле Жогорку соттун судьясы Айбек Молдакунов жана Конституциялык соттун судьясы Мукамбет Касымалиев сөз сүйлөп, Судьялар кеңешинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди көтөрүштү.
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайынын резолюциясы кабыл алынгандан кийин, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жана Судьялар кеңешинин мекемелик сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү.