KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун төрагаларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү

07 августа 2025

2025-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттор менен онлайн-жыйын өткөрдү. Жыйында акыркы мезгилде катталган, жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери кармалган фактыларга өзгөчө көңүл бурулду.


Ушуга байланыштуу Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев облустук соттун судьялары жана райондук, шаардык соттордун төрагалары менен жыйын өткөрдү.


Жыйындын жүрүшүндө облустук соттун төрагасы адилеттикти жүзөгө ашырууда мыйзамдарды так сактоонун, судьялык этика жана кызматтык тартип эрежелерин бекем кармануунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал соттук актыларды өз убагында чыгаруу зарылдыгын эскертип, сотко кайрылган жарандарга сылык жана сый мамиле кылууну өзгөчө белгиледи.


Мындан тышкары, ар бир соттун төрагасына судьялар жана аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Нуркалый Асанбаев сот органдарынын ишмердүүлүгүндө ачыктыкты жана мыйзамдуулукту камсыздоону, ошондой эле соттук актыларды тараптарга өз убагында тапшырууну талап кылды.


Ошондой эле ал коррупцияга каршы чараларды так сактоого өзгөчө көңүл буруп, судьялардын өз кызматтык милдеттерин так жана таза аткаруусу маанилүү экенин белгиледи.


Жыйындын соңунда төрага катышуучуларга ийгилик каалап, сот системасына болгон коомдук ишенимди сактап калуу ар бир кызматкердин негизги милдети экенин баса белгиледи.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                          Айпери  Абдымаликова