KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Тоң, Ак-Суу райондук жана Балыкчы шаардык сотторунда ишембилик өткөрүлдү

07 апреля 2026

Тоң, Ак-Суу райондук жана Балыкчы шаардык сотторунун аппарат кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Иш-чаранын негизги максаты — сот имараттарынын аймагын тазалоо, ирээтке келтирүү жана кызматкерлердин биримдигин бекемдөө болду.


Ишембилик учурунда сот кызматкерлери аймакты тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү. Мындай демилге сот органдарындагы эмгек маданиятын жогорулатууга, командалык духту чыңдоого жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого багытталган.


Белгилей кетсек, бул сыяктуу иш-чаралар кызматкерлердин ынтымагын арттырып, кызматтык чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.


Мындан ары да аймакты көрктөндүрүү жана иш шарттарын жакшыртуу багытындагы иштери улантылат.