Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2025-жылдын 3-июлундагы №01-14/1316-сандуу катынын негизинде, Тоң райондук соту алименттик милдеттенмелерди изилдөө иштерине көмөктөшүү максатында тиешелүү шарттарды түзүп, атайын жолугушуу уюштурду.
2025-жылдын 22-июлунда Тоң райондук сотунун төрайымы Аида Талантбекованын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен интервью өткөрүлдү.
Жолугушуу конструктивдүү жана иштиктүү маанайда өтүп, алимент өндүрүү процессинде жаралган көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн ыкмалары кеңири талкууланды.
Төрайым Аида Талантбекова балдардын укуктарын коргоо жана адилет соттук практика үчүн мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирсе, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү ыраазычылык билдирип, Тоң райондук сотунун ишине ийгиликтерди каалашты.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 13-июлунан 13-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун демилгеси менен алименттик милдеттенмелерди аткаруу боюнча сурамжылоо жана маектешүүлөр өткөрүлүп жатат.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова