KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Коррупцияга каршы иш-чара өттү

15 декабря 2025

Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондук сотторунда жана Ысык-Көл административдик сотунда коррупцияга каршы багыттагы иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чаранын негизги максаты — сот тутумунда коррупциянын алдын алуу, мыйзамдуулукту чыңдоо, ачыктыкты жана отчеттуулукту жогорулатуу, ошондой эле сот системасында иш алып барган кызматкерлердин кесиптик жоопкерчилигин арттыруу болуп саналат.


Иш-чарага Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондук сотторунун жана Ысык-Көл административдик сотунун төрагалары, судьялары, ошондой эле сот аппаратынын кызматкерлери активдүү катышты. Катышуучулар коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы учурдагы абал, сот системасындагы коррупциялык тобокелдиктер жана аларды алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу пикир алышты.


Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун №83 буйругу менен бекитилген 2025–2027-жылдарга карата сот тутумундагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын иш-чаралар планы кеңири талкууланды. Аталган стратегия сот тутумунда коррупцияга каршы комплекстүү чараларды көрүүгө, башкаруу процесстерин өркүндөтүүгө, ички көзөмөл механизмдерин күчөтүүгө жана кызматтык этиканы сактоого багытталган.


Талкуунун алкагында стратегияда каралган иш-чараларды ишке ашыруунун этаптары, жооптуу кызмат адамдарынын милдеттери, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча практикалык механизмдер белгиленди. Мындан тышкары, сот кызматкерлеринин адеп-ахлак нормаларын сактоосу, жарандар менен иш алып барууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана сот адилеттигине болгон коомчулуктун ишенимин жогорулатуу маселелери өзгөчө көңүл борборунда болду.


Катышуучулар коррупцияга каршы аракеттенүү — бул ар бир сот кызматкеринин түздөн-түз милдети экендигин белгилешип, мыйзам талаптарын так сактоо, кызматтык милдеттерди жоопкерчилик менен аткаруу жана коррупциялык көрүнүштөргө нөлдүк сабырдуулук мамилесин калыптандыруу зарылдыгын белгилешти.


По итогам мероприятия были озвучены предложения по эффективной реализации государственной стратегии по противодействию коррупции в судебной системе, а также поставлен ряд задач по своевременному и качественному выполнению намеченных мероприятий. Подобные мероприятия планируется и далее проводить на регулярной основе, с целью укрепления законности в судебной системе и обеспечения справедливого правосудия.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                                      А.Таалайбек кызы