KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Соттун аппарат кызматкерлери үчүн окуу уюштурулду

13 января 2025

 


✅Каракол шаарындагы «Сот Адилеттиги Үйүнүн» имаратында укук бузуучуларга карата электрондук мониторингди колдонуу маселелери боюнча окутуу болуп өттү.


✅Иш — чарага уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин алдындагы пробация Департаментинин Ысык-Көл жана Нарын областы боюнча Региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери жана Ысык-Көл облустук жана Каракол шаардык сотунун аппаратынын кызматкерлери катышышты.


✅Иш-чаранын алкагында Элина Тыныбекова «Электрондук мониторинг системасынын иштөө принциби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү» тууралуу кеңири маалымат берди, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 109-1-беренесинин негизги жобосун» колдонууну түшүндүрдү


✅Ал эми Азим Мекишов жыйындын катышуучулары менен «Мониторингди колдонуудагы укуктук жана административдик жол-жоболорду» жана «Электрондук мониторинг системасын пайдалануудагы кызматкерлердин милдеттерин жана ыйгарым укуктарын»кеңири талкуулашты.


 


✅Белгилей кетсек,» Электрондук мониторинг » — бул укук бузуучуларды контролдоонун натыйжалуу куралы. Бул алардын кайра социалдашуусуна өбөлгө түзөт жана алардын жүрүм-турумун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.


✅Окутуунун соңунда пробация Департаментинин кызматкерлери катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берип, ыраазычылыктарын билдиришти .