Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги алдында жергиликтүү соттордун төрагалары менен 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштердин алдын ала жыйынтыктарын чыгарууга арналган онлайн-кеңешме болуп өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев облустагы жергиликтүү соттордун алты ай ичинде аткарылган иштери тууралуу баяндама жасап, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, мыйзамдарды бирдей колдонуу жана коомчулук менен өз ара байланышты күчөтүү багытында жүргүзүлгөн иштерге токтолду.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ысык-Көл облустук жана жергиликтүү соттору тарабынан 30дан ашуун иш-чара уюштурулду. Алардын алкагында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдары, прокуратура, сот аткаруучулар, аксакалдар соттору, медиаторлор, билим берүү мекемелери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандар менен жумушчу жолугушуулар, тегерек столдор, ачык эшик күндөрү жана калк менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Аталган иш-чаралар сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, медиация институтун өнүктүрүүгө, коррупциянын алдын алууга, сот актыларынын аткарылышын жакшыртууга жана коомчулук менен ачык диалогду чыңдоого багытталды.
Ошондой эле сот инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер уланууда. Учурда Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунда жергиликтүү соттордун жаңы имараттарын куруу иштери башталып, пайдубалын түптөө үчүн котловандар казылып, фундамент куюу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте иштер жүргүзүлүп, авариялык абалга келген кызматтык имаратты бузуп, анын ордуна жаңы имарат куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү. Учурда курулуш иштери башталды.
Баяндамада соттук практиканы жалпылоо, мыйзамдарды бирдей колдонуу практикасын камсыз кылуу жана биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштер өзгөчө белгиленди.
Мындан тышкары, Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев тарабынан 2026-жылдын февраль айындагы жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча берилген 11 протоколдук тапшырманын аткарылышы тууралуу маалымат берилип, алардын бардыгы белгиленген мөөнөттө аткарылып жатканы жана мөөнөтү өтүп кеткен тапшырмалар жок экени айтылды.
Онлайн-кеңешменин жыйынтыгында Медербек Сатыев сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу, соттук практиканы өркүндөтүү, жарандардын кайрылууларына өз убагында көңүл буруу жана соттордун ачыктыгын кеңейтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.




