KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келди

04 декабря 2024

 


2024-жылдын 2-3-декабрында Жогорку сотту төрагасы Медербек Сатыев Ысык-Көл облусунун Балыкчы Каракол шаардык, Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң  райондук ошондой эле облустук жана Административдик соттору менен жеринде барып таанышты.


 


Иш сапардын алкагында Медербек Сатыев аталган ар бир соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен кеңейтилген жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигинин сапаты, эмгек тартибинин сакталышы жана мамлекеттик кызматкердин этикасы боюнча маселелер талкууланды. Жогорку соттун төрагасы кесиптик милдеттерди так жана жоопкерчиликтүү аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


 


Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы сот кызматкерлеринин иш шарттары менен таанышып, жумуш орундарын карап чыгып, сот аткаруучулар жана приставдар менен баарлашты.


 


Бул иш сапар соттордун ишинин сапатын жогорулатууга, алардын натыйжалуулугун арттырууга жана жарандардын сот тутумуна  болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.


 


Белгилей кетсек,. Жогорку соттун төрагасы менен бирге сотторго болгон иш  сапарда Жогорку соттун судьясы Маргарита Мельникова, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков жана Сот департаментинин  облустук башкармалыгынын жетекчиси Нурсултан Сагынбаев коштоп жүрүштү.