KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Тоң райондук сотунун төрайымы аппараттык кеңешмеге катышты

09 июля 2026

Тоң райондук сотунун төрайымы Аида Талантбекова Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өткөн аппараттык кеңешмеге катышты.


Кеңешмеге Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бактыбек Осмонов, акимдин орун басарлары, күч түзүмдөрүнүн, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышышты.


Кеңешменин негизги күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов тарабынан 2026-жылдын 15-майында Тоң районунун эли менен өткөрүлгөн жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы каралды.


Жыйындын жүрүшүндө жарандардын кайрылууларын жана көтөрүлгөн маселелерди өз убагында жана натыйжалуу чечүү максатында Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын алдында райондук комиссия түзүү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен айыл өкмөттөрүнүн ишин координациялоо, ошондой эле арыз ээлерине мыйзам чегинде так жана негиздүү жооп берүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.


Ошондой эле кеңешмеде айыл чарба тармагында жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү, 2026-жылдагы жайкы туристтик сезондун абалы, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жабыркаган автоунаа жолдорун калыбына келтирүү иштери, ошондой эле 2026–2027-окуу жылына карата билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан оңдоо-түзөө иштеринин аткарылышы жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.


Кеңешменин жыйынтыгында каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилип, алардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо милдеттендирилди.


Тоң райондук соту мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташтыкты бекемдөө, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандардын укук-мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган иш-чараларга активдүү катышууну улантат.