Аталган форумга облустун бардык район-шаарларынан жалпы 380 баатыр эне катышып жана Кыргыз Республикасынын жети облусунан келген өкүлдөр чакырылды. Форум энелердин коомдогу ордун даңазалоо, улуттук баалуулуктарды сактоо жана үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөө максатын көздөдү.
Иш-чарага Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Болот Сагынаев, Рахат Жунушбаева, Улан Сариев, Медер Чотонов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышып, баатыр энелерге терең ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Форумдун алдында 380 баатыр эненин жана тиешелүү коноктордун катышуусунда салтанаттуу жөө жүрүш уюштурулуп, иш-чаранын алкагында кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалаган боз үйлөр тигилип, улуттук кийимдер, этно буюмдар, сүрѳтчү К.Рыскелдиевдин “Таш Керемети” сүрѳт кѳргѳзмѳсү, кол өнөрчүлүк эмгектер, райондук архиви тарабынан даярдалган тарыхый материалдар, салбуурунчулардын жана “Кут” Үй-бүлѳлүк фальклордук тобунун ѳнѳрлѳрү менен таанышты.
Форумдун маданий бөлүгүндө райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан кыргыз энелеринин тарыхын, энелик мээримди жана үй-бүлөнүн ыйыктыгын чагылдырган театралдаштырылган көрсөтүү тартууланып, чоң концерттик программа менен коштолду.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Болот Сагынаев тарабынан Баатыр энелерге арналган сый тамак уюштурулуп, сыйлыктар жана белектер тапшырылды.
Бул форум энелердин коомдогу ордун дагы бир ирет даңазалап, улуттук салт-санааны урматтоо менен келечек муунга өрнөк боло турган маанилүү иш-чаралардын бири болду.




