Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев Ысык-Көл райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйын сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын сот органдарына болгон ишенимин арттыруу максатында уюштурулду. Анын жүрүшүндө сот иштерин автоматташтырылган тартипте бөлүштүрүү системасынын иштеши, сот ишине кийлигишүү фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр жана ички уюштуруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле QR-код аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары каралып, жарандардын кайрылууларын кабыл алуу, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана сот кызматкерлеринин этикалык жүрүм-туруму боюнча айтылган пикирлерге көңүл бурулду.
Мындан тышкары, 2026-жылга карата бекитилген иш-чаралар планынын алкагында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү талданып, кварталдык соттук жалпылоолордун жүргүзүлүшү жана уюштуруу иштеринин аткарылышы текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында иш алып баруудагы айрым кемчиликтер белгиленип, аларды жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жыйындын соңунда Нуркалый Асанбаев судьяларга жана аппарат кызматкерлерине кайрылып, сот системасында жоопкерчилик, ак ниеттүүлүк жана ачык-айкын иш алып баруу негизги талаптардын бири экенин белгиледи.
«Сот тармагындагы ар бир кызматкер эл алдында чоң жоопкерчилик алып жүрөт. Ошондуктан мыйзамдуулукту сактоо менен бирге жарандарга болгон мамиледе адилеттүүлүк, маданияттуулук жана кесипкөйлүк ар дайым жогорку деңгээлде болушу зарыл», — деди ал.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө сот тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтык тартипти чыңдоо жана коомчулуктун сот органдарына болгон ишенимин бекемдөө боюнча иштер мындан ары да улантылары белгиленди.




