Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев Балыкчы шаардык сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жолугушуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу, сот тутумундагы тартипти чыңдоо жана жарандардын сот органдарына болгон ишенимин арттыруу максатында уюштурулду.
Жыйындын жүрүшүндө сот иштерин автоматташтырылган бөлүштүрүү системасына байланыштуу маселелер талкууланып, негиздүү жана негизсиз кийлигишүүлөр боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле QR-код аркылуу калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары талданып, жарандардын кайрылууларын кароо, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана сот кызматкерлеринин этикалык жүрүм-туруму боюнча пикирлерге өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, 2026-жылга карата бекитилген иш-чаралар планынын негизинде жүргүзүлүп жаткан иштердин аткарылышы, графикке ылайык уюштуруу маселелери жана квартал сайын жүргүзүлүүчү соттук жалпылоолордун абалы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында иш жүргүзүүдөгү айрым кемчиликтер белгиленип, аларды кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү эскертүүлөр жана тапшырмалар берилди.
Ошондой эле Нуркалый Асанбаев Балыкчы шаардык сотунун жаңы имараты курула турган жер тилкесине барып, жеринен таанышып чыкты. Аталган аймактагы курулуш иштерин уюштуруу жана инфраструктуралык шарттар боюнча тиешелүү маселелер каралды.
Жыйындын соңунда Нуркалый Асанбаев судьяларга жана аппарат кызматкерлерине кайрылып, сот системасында мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана кызматтык жоопкерчиликти сактоо ар бир кызматкер үчүн башкы талап экенин белгиледи.
«Жарандардын сотко болгон ишеними — сот системасынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири. Ошондуктан ар бир судья жана кызматкер мыйзамдуулукту так сактап, өз милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылууга тийиш. Эл менен иштөөдө ачык-айкындуулук, калыстык жана кесипкөйлүк биринчи орунда болушу керек», — деди ал.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө сот тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын сот органдарына болгон ишенимин арттыруу багытындагы иштер мындан ары дагы улантылары белгиленди.




