2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов баштаган облус жетекчилеринин катышуусунда Түп районунун Каркыра айыл аймагында жана Балбай айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, жол, таза суу, ирригация, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле тургундардын суроо-талаптары жана сунуш-пикирлери угулуп, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.
Облус жетекчилиги тарабынан жер-жерлерде эл менен түз байланыш түзүү, көйгөйлөрдү жеринен угуу жана аларды чечүү боюнча иштер мындан ары да улантылары белгиленди.
Жолугушуулар ачык форматта өтүп, жергиликтүү тургундар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.




