Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев Ак-Суу райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жолугушуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу, сот тутумундагы кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын сот органдарына болгон ишенимин арттыруу максатында уюштурулду.
Жыйындын жүрүшүндө сот иштерин автоматташтырылган бөлүштүрүү системасынын иштешине байланышкан маселелер талкууланып, кийлигишүүлөр боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары каралды. Ошондой эле QR-код аркылуу жарандар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары талданып, кайрылууларды кароо сапаты, кызмат көрсөтүү деңгээли жана кызматкерлердин этикалык жүрүм-туруму боюнча пикирлерге өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, 2026-жылга карата бекитилген иш-чаралар планынын негизинде аткарылып жаткан иштердин жүрүшү, уюштуруу маселелери жана квартал сайын жүргүзүлүүчү соттук жалпылоолордун абалы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында иш жүргүзүүдөгү айрым кемчиликтер белгиленип, аларды ыкчам жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жыйындын соңунда Нуркалый Асанбаев судьяларга жана аппарат кызматкерлерине кайрылып, сот системасында ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана кызматтык жоопкерчиликти сактоо ар бир кызматкердин негизги милдети экенин белгиледи.
«Сот системасынын кадыр-баркы — жарандардын ишениминен түздөн-түз көз каранды. Ар бир судья жана кызматкер өз ишинде мыйзамдуулукту, калыстыкты жана жогорку кесипкөйлүктү жетекчиликке алып, эл менен иштөөдө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тийиш», — деди ал.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө сот тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтык тартипти чыңдоо жана жарандардын сот органдарына болгон ишенимин бекемдөө багытындагы иштер мындан ары да улантылары белгиленди.




