KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Ысык-Көл облусунун административдик жана Каракол шаардык сотторунда жумушчу жыйын өткөрдү

05 июня 2026

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев Ысык-Көл облусунун административдик жана Каракол шаардык сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жумушчу жыйын өткөрдү.


Жолугушуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу, сот тутумундагы кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын сот органдарына болгон ишенимин арттыруу максатында уюштурулду.


Жыйындын жүрүшүндө сот иштерин автоматташтырылган бөлүштүрүү системасынын иштешине байланышкан маселелер талкууланып, кийлигишүүлөр боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары каралды. Ошондой эле QR-код аркылуу жарандар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары талданып, кайрылууларды кароо сапаты, кызмат көрсөтүү деңгээли жана кызматкерлердин этикалык жүрүм-туруму боюнча пикирлерге өзгөчө көңүл бурулду.


Мындан тышкары, 2026-жылга карата бекитилген иш-чаралар планынын негизинде аткарылып жаткан иштердин жүрүшү, уюштуруу маселелери жана квартал сайын жүргүзүлүүчү соттук жалпылоолордун абалы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында иш жүргүзүүдөгү айрым кемчиликтер аныкталып, аларды ыкчам жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.


Жыйындын соңунда Нуркалый Асанбаев судьяларга жана аппарат кызматкерлерине кайрылып, сот системасында ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана кызматтык жоопкерчиликти сактоо ар бир кызматкердин негизги милдети экенин белгиледи.


«Ар бир сот органынын ишмердүүлүгүнүн негизинде мыйзамдуулук, калыстык жана ачык-айкындуулук принциптери турушу керек. Судьялар менен кызматкерлер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку жоопкерчилик жана кесипкөйлүк менен аткаруу аркылуу жарандардын сотко болгон ишенимин бекемдөөгө салым кошууга тийиш», — деди ал.


Ошондой эле жыйындын жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун административдик жана Каракол шаардык сотторунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтык тартипти чыңдоо жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да улантылары белгиленди.