KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы райондук сотторду кыдырып чыкты

21 октября 2025

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев иш сапары менен Түп, Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондук сотторун жана Балыкчы шаардык сотун кыдырып чыкты.


Сапардын алкагында төрага Түп жана Ысык-Көл райондук сотторунун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, Ысык-Көл облустук сот департаментинин башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Актилек Рыскулов менен биргеликте сот имараттарын, кызматтык бөлмөлөрдү жана жаңы сот имаратын куруу пландалып жаткан жер тилкесин карап чыгышты.


Түп жана Ысык-Көл райондук сотторунун төрагалары имараттар боюнча көйгөйлөрдү, тактап айтканда, кеңсе бөлмөлөрүнүн жана сот отурумунун залдарынын жетишсиздигин белгилешти.


Мындан тышкары, Нуркалый Асанбаев Балыкчы шаардык сотуна да барып, имараттын техникалык абалы жана автоматташтырылган системалары (АВФ) менен таанышып чыкты. Сот төрагасынын айтымында, учурда имараттын абалы жакшы, олуттуу көйгөйлөр жок.


Ошондой эле Тон райондук сотуна иш сапар жасалып, анда Нуркалы Асанбаев сот имаратынын техникалык абалы жана автоматташтыруу системаларынын иштеши менен таанышты. Имараттын абалы канааттандырарлык экени жана автоматташтыруу системалары туруктуу иштеп жатканы белгиленди.


Мындан тышкары, облустук соттун төрагасы Жети-Өгүз райондук сотуна да барды. Облустук Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу менен биргеликте сот имараты жана кызматтык бөлмөлөр каралып, жеринде чечүүнү талап кылган актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле Жети-Өгүз райондук сотунун жаңы имараты курула турган жер тилкеси да каралды.


Андан сырткары, алар Ак-Суу райондук сотунун имараты жана кызматтык үйү менен таанышып, сот кызматкерлеринин иштөө шарттарын, жумуш орундарындагы тартыштыктарды көрүп чыгып, Ысык-Көл облустук сот департаментинин жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди. Учурдагы имараттын абалы жана муктаждыктары да талкууланды.


Иш сапарынын жыйынтыгында, белгиленген маселелер боюнча райондук соттордун төрагаларына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Ысык-Көл облустук сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Актилек Рыскуловго тиешелүү тапшырмалар берилди.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                          А.Таалайбек кызы