Жолугушуу сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сот тутумунда тартипти бекемдөө жана жарандардын сот органдарына болгон ишенимин күчөтүү максатында өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө иштерди автоматташтырылган бөлүштүрүү системасына тиешелүү маселелер каралып, негиздүү жана негизсиз кийлигишүүлөр боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы талкууланды. Мындан тышкары, QR-код аркылуу алынган сурамжылоонун натыйжалары каралып, жарандардын кайрылууларына жооп берүү, көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жана сот кызматкерлеринин этикалык жүрүм-турумуна байланышкан пикирлерге өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле 2026-жылга бекитилген иш-чаралар планынын аткарылышы, уюштуруу иштеринин абалы жана квартал сайын жүргүзүлүүчү соттук жалпылоолордун жүрүшү текшерилди. Айрым кемчиликтер аныкталып, аларды кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Нуркалый Асанбаев сот тутумунда ачык-айкындуулук, мыйзамдуулук жана кесипкөйлүк негизги талаптар экенин белгилеп, коррупцияга жол бербөө, жарандар менен маданияттуу мамиле түзүү жана сот актыларын өз убагында тапшыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жыйынтыгында сот тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандардын ишенимин бекемдөө багытындагы иштер мындан ары да уланары айтылды.




