Бүгүн Ысык-Көл облусунун сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Ысык-Көл облусу боюнча Сот департаментинин жамаатын түзүлгөн күнү менен куттуктады.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Нуркалый Асанбаев Сот департаменти сот системасынын ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналарын белгилеп, анын ишмердүүлүгү соттордун туруктуу жана натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылууга, материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана адилеттүү сот бийлигин өнүктүрүүгө багытталганын айтты.
«Ысык-Көл облусунун сотунун жамаатынын атынан Сот департаментинин кызматкерлерине кылдат эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында соттордун иши үзгүлтүксүз жүрүп, сот тутумунун инфраструктурасы өнүгүп, жарандардын адилет сотко болгон ишеними артты. Баарыңыздарга ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттык жана ийгиликтерди каалайм», — деп белгиледи төрага.
Майрамдын алкагында Сот департаментинин жамаатында салтанаттуу жыйын болуп өтүп, өз ишинде жогорку кесипкөйлүгүн жана берилгендигин көрсөткөн кызматкерлер сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин түзүлгөн күнү сот бийлигин уюштуруудагы жана башкаруудагы маанилүү ролду белгилейт. Бул дата өлкөдө ачык, адилеттүү жана жеткиликтүү сот системасын өнүктүрүүгө багытталган кадамдардын символу болуп саналат.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.Таалайбек кызы




