Ысык-Көл облустук соттун төрагасы Нуркалый Асанбаевдин иш сапарынын экинчи күнү Жети-Өгүз Түп жана Ак-Суу райондук сотторунда болду.
Төрага Жети-Өгүз райондук сотунун иши менен жеринде таанышып, соттун имаратын, иш бөлмөлөрдү, соттун отурум залдарын кыдырып чыкты. Жети-Өгүз районуна судья Улан Шаматов Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан ротация жолу менен которулуп келген, буга байланыштуу төрага аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, судьяны райондук соттун эмгек жамаатына тааныштырды. Аны менен биргеликте сот аппаратынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы маалымдуулугун жогорулатууну коррупциялык иш-аракеттерге аралашпоону талап кылды.
Ошондой эле Нуркалый Асанбаев Ак-Суу райондук сотуна барып, судьялар жана аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен кенен таанышып чыкты. Кызматкерлер менен кеңешме өткөзүп райондук сотко төрага болуп дайындалган Бакытбек Нурбаевди иштерине ийгиликтерди каалады. Мындан тышкары судьяларга жана кызматкерлерге иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүп, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды Ал ошондой эле сот кызматкерлерине коррупциянын алдын алуунун жана коррупцияга каршы чараларды катуу сактоонун маанилүүлүгүн эскертип, судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин ишинде ачык-айкындуулукту жана чынчылдыкты сактоо зарылдыгын баса белгиледи.
Аны менен биргеликте төрага Түп райондук сотунун ишмердүүлүгүн көрүү үчүн райондук сотко барды. Ал жерден төрага соттордун аппарат кызматкерлери менен дагы жолугушуп, алар тарабынан коюлган көйгөйлөр жана сунуштарын укту. Ошондо эле кызматкерлерден соттук актыларды өз убагында тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын аткарылышын ошондой эле кызматкерлердин коррупция тууралуу маалымдуулугун жогорулатууну көзөмөлгө алууну жана сот системасындагы ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн активдүү чараларды көрүүнү ар бир судьяга тапшырды.
Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев иш сапары менен Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторунда болду.
Ысык көл облустук сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова