KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

8-март – Эл аралык айымдар күнү менен куттуктоо

08 марта 2026

Урматтуу айымдар!


Жаздын жаркын майрамы – 8-март Эл аралык айымдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Аялзаты – үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги, мамлекеттин келечегин тарбиялаган улуу күч. Сиздердин мээримиңиздер, сабырдуулугуңуздар жана ак эмгегиңиздер менен коомубуз бекемделип, жашообуз нурга бөлөнүп турат. Кайсы тармакта болбосун – билим берүүдө, саламаттык сактоодо, мамлекеттик кызматта, ишкерликте жана маданиятта – сиздердин ордуңуздар өзгөчө.


Бүгүнкү майрам – сиздерге болгон терең урмат-сыйдын, ыраазычылыктын белгиси. Коомдун өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар, үй-бүлөдөгү акылмандыгыңыздар жана тарбияңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.


Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк ынтымак жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Ар бир күнүңүздөр кубанычка жана жылуулукка толсун!


Майрамыңыздар кут болсун!


Урматтоо менен,


Асанбаев Нуркалый Жумабекович