Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бул улуу күн ар бир кыргызстандык үчүн эркиндиктин, ынтымак-биримдиктин күнү болуп саналат. Андыктан, Эгемен өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, элибиздин жаркын келечеги кеӊ болсун!
Мамлекетибизге туруктуулукту, жетишкендиктерди, өнүгүүлөрдү жана токчулукту каалайм.
Майрамыӊыздар менен!
Урматоо менен,
Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы
Нурлан Чериков