2024-жылдын 9-декабрында “Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күнүнө карата Ысык-Көл облустук сотунун кызматкелеринин коррупцияга каршы билимин жогорулатуу максатында жыйын өттү.
Аталган иш чара Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын демилгеси менен уюштурулуп, ага Ысык-Көл облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлер катышышты.
Жолугушууда соттордун аппарат кызматкерлердин коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, соттордо паракорлукка каршы кандай иш чаралар өткөрүлүп, кандай аракеттер көрүлүп жатканы жөнүндө ошондой эле жемкорлук менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдорун колдонуу маселеси талкууланды. Кызыкчылыктар кагылышкан учурда жүрүм-турум эрежелери, алардын коррупциялык кылмыштарды жасоого ынандыруусуна каршы туруу милдети жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кеңешменин соңунда катышуучулар Кыргыз Республикасынын 2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясы тууралуу маалыматтарды алышып, аны менен биргеликте кызматкерлерге «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодексинин талаптарын аткаруу боюнча Нурлан Чериков ар бир кызматкерге эскертти.