Кыргыз Республикасынын бардык сот имараттарында «Соттордун тейлөө сапатын баалаңыз» деген жазуу менен стенддер орнотулган.
Анда жарандар (сот процессинин катышуучулары) сот тутумун жакшыртууга өз салымдарын кошуу максатында сурамжылоого катыша алат.
Сурамжылоого катышуу үчүн, мобилдик телефондун камерасы менен QR-кодду сканерлөө жетиштүү. Сурамжылоодо 16 суроо жана сот тутумунун ишин жакшыртууга арналган сунуштарды калтыруу үчүн атайын бөлүм бар.
Төмөндө колдонуу боюнча видео көрсөтүлгөн.
https://youtube.com/shorts/eRu4kXO98Jc?si=Cpw6wJGTHTCJ6mW1