KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Соттун тейлөө сапатын QR-код аркылуу баалаңыз

17 февраля 2026

Жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин жогорулатуу жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында өлкө боюнча бардык сот имараттарында атайын QR-код камтылган маалыматтык стенддер орнотулган.


Бул демилге жарандарга сот мекемелеринде көрсөтүлгөн тейлөө сапаты боюнча өз пикирлерин ыкчам жана ыңгайлуу билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ар бир сотко келген жаран стенддеги QR-кодду уюлдук телефону аркылуу сканерлеп, кыска онлайн-сурамжылоодон өтө алат. Сурамжылоодо кызматкерлердин сылык мамилеси, маалыматтын жеткиликтүүлүгү, тейлөөнүн ылдамдыгы жана жалпы шарттар боюнча суроолор камтылган.


Бул механизм:



  • жарандардын кайрылууларын ачык жана түз кабыл алууга;

  • сот кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн объективдүү баалоого;

  • көйгөйлөрдү ыкчам аныктап, тиешелүү чараларды көрүүгө;

  • сот тутумунун ачыктыгын жана жоопкерчилигин күчөтүүгө өбөлгө түзөт.


Маалыматтар электрондук түрдө чогултулуп, талданып, тейлөө сапатын мындан ары жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алууда колдонулат. Сурамжылоо анонимдүү негизде жүргүзүлөт, бул жарандардын эркин жана ачык пикир билдирүүсүнө шарт түзөт.


Аталган демилге сот системасын санариптештирүү жана жарандарга багытталган кызмат көрсөтүү принциптерин өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы   А.Таалайбек кызы