KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында иш-чара уюштурулду

23 мая 2025

 


Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 16-майындагы № 112 буйругунун жана Ысык-Көл областтык сотунун иш планынын алкагында 2025-жылдын 16-майынан 24-майына чейин жарыяланган “Өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо жумалыктары” алкагында 23-майында Ак-Суу райондук сотунда мектеп окуучулары үчүн «Ачык эшиктер күнү» уюштурулду.


Иш-чаранын алкагында райондук соттун судьялары студенттерге сот тутумунун ишмердүүлүгү, судьялардын ыйгарым укуктарынын принциптеринин абалы жана кызматкерлердин функционалдык милдеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кенен маалымат берип, суроолоруна жооп беришти.


Ошондой эле Жети-Өгүз райондук сотунда райондук соттун төрагасы Нурпаис Бекташов студенттерге сот тутумунун ишмердүүлүгү, судьялардын ыйгарым укуктарынын принциптеринин абалы жана кызматкерлердин функционалдык милдеттери тууралуу кеңири түшүндүрүп берди.


Аны менен биргеликте өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ачык сабак өтүп, кеп-кеңештерин берип, кызыктырган суроолорго жооп берди.


Жыйынга ошондой эле Жети-Огуз райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы Алманбет Сыранов жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жыпаркул Бектемирова өспүрүмдөргө- зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча тарбиялык иштерди жүргүзүштү.