Президенттин жарлыгы менен биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Түп райондук сотуна Джапаров Айбек Качкынбаевич дайындалды.
Буга байланыштуу Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков Түп райондук сотуна иш сапары менен барып, жыйын өткөрдү. Айбек Жапаровду судьяларга жана аппараттын кызматкерлерине тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Жыйында Нурлан Чериков судьяларга, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди мыйзам чегинде карап, бүгүнкү күндө талап иштерди кароонун сапатын жогорулатуу экенин белгилеп, судьяларга жооптуу жана татаал кызмат ордунда ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле аппарат кызматкерлерине эмгек тартибин сактоону, тараптарга сылык мамиле кылуу жана соттук актыларын убагында тапшыруу зарылдыгын эскертти.
Райондук соттун жамааты дайындалган судьяны куттуктап, ишине ийгиликтерди каалашты.
Өз кезегинде Айбек Джапаров чоң жоопкерчиликти белгилеп, жыйындын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова