KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу чаралары күчөтүлөт

24 апреля 2026

Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Кеңешменин күн тартибинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо жана жашы жете электердин эрте никеге туруусун азайтуу маселелери каралды.


Иш-чарага Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бактыбек Осмонов, райондук соттун төрайымы Аида Талантбекова, район прокурору Курсантбек Каримов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шабданбек Илимгазиев, ошондой эле тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар, мектеп директорлору, ички иштер органдарынын кызматкерлери, дин өкүлдөрү жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.


Кеңешменин жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин учурдагы абалы талкууланып, жашы жете электердин эрте никеге туруусун азайтуу боюнча маалыматтар угулду.


Жыйынтыгында айыл өкмөт башчыларына жана тиешелүү мекемелердин жетекчилерине алдын алуу иш-чараларына жеке катышуусун күчөтүү, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин активдештирүү жана бул багыттагы ишти мындан ары да күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.


Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылып, коомдогу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калмакчы.