1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Тоң райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алышып, аларга моралдык колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук жардамын тапшырышты.
Иш-чаранын негизги максаты – балдарга камкордук көрүү, алардын укуктарын коргоого көңүл буруу, ошондой эле коомдо боорукерлик, адамгерчилик жана кайрымдуулук баалуулуктарын чыңдоо болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө соттун өкүлдөрү балдарды майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана жаркын келечек каалашты. Ошондой эле ата-энелер менен баарлашып, алардын муктаждыктарына көңүл бурушту.
Тоң райондук сотунун жамааты мындай демилгелер балдарды колдоого, алардын коомдогу ордун бекемдөөгө жана үй-бүлөлөргө дем берүүчү маанилүү кадам экенин белгилейт.




