KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Административдик соттор кандай иштерди карайт?

08 июля 2026

Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрайымы Зарина Абдыкадырова УТРК Ысык-Көл телеканалына берген маегинде административдик соттордун ишмердүүлүгү, алардын карамагындагы иштер, жарандардын укуктарын коргоодогу ролу, ошондой эле сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.


Маек учурунда административдик соттор мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын токтомдоруна, аракеттерине же аракетсиздигине байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде карай турганы белгиленди.


Ошондой эле административдик соттор төмөнкүдөй иштерди карай турганы айтылды:


* мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине даттануулар;


* мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу талаш-тартыштар;


* лицензия берүү, уруксат берүү, каттоо жана башка административдик актылар боюнча келип чыккан талаштар;


* жарандардын жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдар менен болгон укуктук мамилелеринен келип чыккан башка административдик иштер.


Маекте мамлекеттик органдар тарабынан жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтар мыйзамдуулук, ачык-айкындык жана тең укуктуулук принциптерине негизделиши керектиги өзгөчө белгиленди. Ар бир мамлекеттик орган жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтоо менен сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө милдеттүү экендиги айтылды.


Мындан тышкары, сот системасында кызматтык этиканы сактоо маселесине да көңүл бурулду. Аппарат кызматкерлери менен судьялардын ортосундагы кесипкөйлүккө, өз ара сый-урматка, жоопкерчиликке жана жарандар менен маданияттуу, сылык мамиле түзүүгө өзгөчө маани берилери белгиленди. Мындай баалуулуктар сот адилеттигине болгон коомдук ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.


Бүгүнкү күндө сот системасында жүргүзүлүп жаткан санариптик өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, сот өндүрүшүн санариптештирүү, электрондук билдирүүлөрдү жөнөтүү, соттук документтерди электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүктөрү жана маалыматтык технологияларды кеңири колдонуу жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталгандыгы белгиленди.


Зарина Абдыкадырова маегинде сот тарабынан калк арасында жүргүзүлүп жаткан укуктук агартуу иштерине да токтолду. Анын айтымында, эл менен болгон жолугушууларда жарандарга мыйзамдардын талаптары, административдик сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, сотко кайрылуунун тартиби, ошондой эле өз укуктарын мыйзам чегинде коргоо жолдору боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилүүдө.


Ысык-Көл облусунун Административдик соту мындан ары да жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын натыйжалуу коргоо, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана коомчулук менен ачык байланышты чыңдоо багытындагы маалыматтык-агартуу иштерин улантат.


Маекти толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрүүгө болот:


https://youtu.be/sdpdkun1gYY?si=7BCwKAHu0bEY7ElD