KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл райондук соту «Көчмөн намысы: адилеттүүлүктүн жана нарктын башаттары» аталышындагы иш-чара өткөрдү

22 июня 2026

Президенттин 2024-жылдын 18-декабрындагы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан бекитилген иш-пландын негизинде өлкөнүн жергиликтүү сотторунда улуттук баалуулуктарды, тарыхый мурастарды жана адилеттүүлүк принциптерин даңазалаган иш-чара өткөрүлдү.


Ушул максатта Ысык-Көл райондук соту тарабынан «Көчмөн намысы: адилеттүүлүктүн жана нарктын башаттары» аталышындагы иш-чара уюштурулду.


Иш-чара Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында жайгашкан Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин филиалында өткөрүлүп, ага Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы, судьялары жана сот аппаратынын кызматкерлери катышышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар көчмөн цивилизациясынын тарыхы, кыргыз элинин кылымдардан бери калыптанган адеп-ахлактык баалуулуктары, адилеттүүлүккө негизделген коомдук мамилелер жана улуттук нарктар тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле маданий мурастар менен таанышып, улуттук аң-сезимди бекемдөө жана тарыхый мурастарды сактоонун мааниси белгиленди.


Мындай иш-чаралар кызматкерлердин мекенчилдик сезимин арттырууга, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизги максаттарын жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.