Ысык-Көл облустук соту Жазаларды аткаруу кызматынын кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Сымбат Кокшенова Каракол шаарындагы Жазаларды аткаруу кызматынын №23 мекеменин кызматкерлерин кесиптик күнү менен менен куттуктап, облустук соттун атынан Ардак грамоталарды тапшырды.
ЖАКтын №23 мекеменин улук тескөөчү психологу ички кызматтын улук лейтенанты Саякова Айзада Муратовна Ардак грамота менен сыйланды.
ЖАКтын №23 мекеменин кеңсе бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү ички кызматтын улук сержанты Болотова Бегимай Болотовна Ардак грамота менен сыйланды.
ЖАКтын №23 мекеменин Режим жана кайтару бөлүмүнүн ага көзөмөлдөчүсү ички кызматтын прапорщиги Молдосанов Жоломан Нурдинович Ыраазычылык кат менен сыйланды.
ЖАКтын №23 мекеменин Режим жана кайтару бөлүмүнүн көзөмөлдөчүсү ички кызматтын улук сержанты Талантов Эрлан Талантович Ыраазычылык кат менен сыйланды.
ЖАКтын №23 мекеменин Режим жана кайтару бөлүмүнүн көзөмөлдөчүсү ички кызматтын старшинасы Джумашалиева Самара Тыныстановна Ыраазычылык кат менен сыйланды.
Өз сөзүндө судья кызматкерлердин татаал жана жоопкерчиликтүү кызматта иштерине ийгилик каалады.