5 февраль 2025
Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилигинин катышуусунда видео конференц байланыш аркылуу Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча кеңешме болуп өттү.
Жыйынга Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, ошондой эле Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, облустук соттун судьялары жана жергиликтүү соттордун төрагалары катышышты.
Видео байланыш аркылуу жыйынды Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков ачып, ал эми төраганын орун басарлары өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча баяндама жасашты. Анда каралган иштердин саны, сот адилеттигин ишке ашыруу, иштерди кароонун сапаты жана судьялардын иш жүктөмдөрү боюнча статистикалык маалыматтар берилди.
Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын кылмыш-жаза жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча орун басары Зарипбек Аданбаев белгилегендей, 2024-жылга карата биринчи инстанциядагы соттордун отчёттору боюнча 2024-жылы жалпы 7047 кылмыш иши укук бузуу иштери ошондой эле соттук материалдар түшкөн (2023-ж. 6979), анын ичинен 775 кылмыш иши (2023-ж.976), 231 соттук материал (2023-ж.290), 3286 укук бузуулар (2023-ж. 2854), 2421 сотко чейинки өндүрүш иштери 113 соттук материалдар каралган (2023-ж. 2859). Каралган иштер боюнча апелляциялык тартипте 149 иш келип түшкөн 191 адамга карата, (2023-ж. 148) былтыркы жылга салыштырмалуу 8,72% пайызга көбүрөөк түшкөн. Ал эми 47 соттук материал (2023-ж. 28) өткөн жылга салыштырмалуу 19 соттук материалга көбүрөөк каралган. Ошондой эле укук бузуулар 43 иш (2023-ж. 31), сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча соттук материалдар 91 (2023-ж.72) 20,87% пайызга көп каралган.
Ал эми Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Бакыт Калыковдун маалыматына ылайык, 2024-жылы биринчи инстанциялык сотторуна 10229 доо арыз (2023-ж. 9908), 1547 материал түшкөн (2023-ж. 1725), анын ичинен 10285 иш жана 1267 соттук материал биринчи инстанциядагы соттор тарабынан жалпысынан каралса. Ысык-Көл облустук сотунда апелляциялык тартипте 2024-жылга карата 693 иш (2023-ж. 523) былтыркыга салыштырмалуу 170 ишке көп, 68 соттук материал (2023-ж. 66) 2023-жылга салыштырмалуу биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордо иштердин саны өстү.
Ошондой эле, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Азамат Абдраимов белгилегендей, 2024-жылы Ысык-Көл облусунун административдик сотуна 390 административдик иш (2023-ж. 413), 66 соттук материал түшкөн (2023-ж.40), анын ичинен 329 иш, 64 материал каралса, апелляциялык инстанцияда 140 административдик иш (2023-жылы 125) салыштырмалуу 12 % пайызга көп жана 11 соттук материал (2023-жылы 11) өткөн жылга салыштырмалуу 82% пайызга көп каралган.
Жыйындын соңунда Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков кемчиликтерди жоюуга жана сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, облуста бирдиктүү соттук практикага жетишүү боюнча иш аракеттер жумшаларын белгиледи.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова